02

Февраль

2017

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Боинг-747 учагынын кыйрашынан үйсүз калган жарандар убактылуу жайларга көчүрүлөт

2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача курулуш башкармалыгында болгон Боинг-747 учагынын кыйрашынан улам үйсүз калган жарандар убактылуу жайларга көчүрүлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Боинг-747 авиациялык кырсыктын себептерин иликтөө үчүн түзүлгөн Өкмөттүк комиссиянын жумушчу жыйынында билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр АСТ түрк авиакомпаниясынын башкы директору Желал Карабаш баштаган өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди. Эске салсак, түрк тарап келтирилген чыгымдарды калыбына келтирүүгө жардам берерин билдирген.

Жыйында тиешелүү министрликтер менен биринчи кезекте Семетей мейманканасында жашап жаткан жарандарды тез арада убактылуу батирлерге көчүрүү маселеси каралды. «Биз кыска убакыт аралыгында үйсүз калгандарды алардын иштеген жерине жана балдардын мектебине жараша убактылуу батирлерге көчүрүү маселесин чечишибиз керек. Бул багытта тиешелүү министрликтер, Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү жана жергиликтүү бийлик органдары ыңгайлуу батирлерди сунуштагыла»,-деди Мухамметкалый Абулгазиев.

Азыркы тапта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кабыл алуу пунктарына элден келип түшкөн гуманитардык жардам Сокулук райондук администрациясына өткөрүлүп, ошол жерде сакталып турат. Ал эми акчалай жардам үчүн Өкмөттүк комиссия тарабынан ачылган эсепке бүгүнкү күндө 54 млн сомдон ашык каражат түшкөн. Белгилей кетчү жагдай, эсеп жабыла элек, келип түшкөн каражат жабыркагандарга бөлүнө элек. Кырсык болгон жерге барып акчалай каражат тараткандар Өкмөттүк комиссиянын эсебиндеги каражатка тиешеси жок, ал жардам ыктыярдуу кол кабыш кылгандардын жеке каражаты болуп эсептелет.

Жыйын соңунда Биринчи вице-премьер-министр, Өкмөттүк комиссиянын төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев тиешелүү министрликтер менен ведомстволорго жана жергиликтүү бийлик органдарына кыска убакыт аралыгында, кырсыкка байланыштуу бардык чыгымдарды так тизме менен киргизүүнү тапшырды.

[su_carousel source="media: 89301,89305,89304,89302,89303" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89301,89302,89303,89304,89305"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү