10

Февраль

2017

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: ЕАЭБ кирүү Социалдык Фонддун иши үчүн пайдалуу болду

Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине кирүүсү Социалдык Фонддун иши үчүн жакшы болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-ппремьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Социалдык Фонддун 2016-жылды жыйынтыктаган коллегиясында билдирди. Биринчи вице-премьер-министр райондордогу Социалдык Фонддун жетекчилерин эл менен тыгыз иштеп, социалдык төлөмдөр жана пенсиялык шарттар боюнча туура маалымат берүүнү тапшырды. «ЕАЭБге кирүүдө адамдын, капиталдын жана товардын эркин жүрүшү негизги критерий катары каралган. Бүгүнкү күндө бизде сыртка жүргөн мигранттар бюджеттин 20% ашыгын толтуруп, өлкөгө пайда алып келип, өз үй-бүлөлөрүн багып жатышат. Булардын пенсияга чыгуусу, аларга түзүлгөн шарттар тууралуу тиешелүү чараларды көрүбүүз керек»,-деди Мухамметкалый Абулгазиев. Учурда Социалдык Фонддон ай сайын 3 млрд сомдон ашык каражат пенсиялык төлөмдөргө сарпталат. Республика боюнча 614 миң жаран пенсия алат. Социалдык Фонддун төлөмдөрүн чогултууда 2016-жылы 2 млрд сомдон ашык өсүү болду.  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү