29
Сентябрь
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Кант кызылчасын сатууда дыйкандарга туура багыт берип, убагында маалымат жеткирүү зарыл
Кант кызылчасын сатууда дыйкандарга туура багыт берип, убагында маалымат жеткирүү зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев кант кызылчасын сатуу боюнча өткөн жумушчу жыйында билдирди.
Жыйынга Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин, Финансы министрлигинин, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Жыйында айтылгандай, 2016-жылдын 28-сентябрына карата республика боюнча 1241 гектар жерден 70 000 тонна кант кызылчасы жыйналып, анын 53 800 тоннасы заводко - «Кайыңды-Кант» ААКсына жеткирилди. Завод суткасына 2700-3000 тонна кызылча иштетет. Андыктан 11 миң гектарга айдалган кызылчаны заводдун мүмкүнчүлүгүнө жараша этап-этабы менен казып алуу маселеси турат.
«Бул багытта жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу тиешелүү тармактар тез арада элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшу зарыл. Кант кызылчасын шашылыш казып алып, заводдун мүмкүнчүлүгүнө дал келбей калган учурда, кызылча чирип, дыйкандардын эмгеги текке кетпеши керек. Кант кызылчасы канчалык жерде көп сакталса анын сапаты ошончолук жогору болот», - деди Мухамметкалый Абулгазиев.
Учурда кант кызылчасын ташуу боюнча «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасында, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын бардыгында берилген тапшырма боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү