17

Октябрь

2016

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: «Кайыңды-Кант» ААК түшүм жыйноо маалында ишти үзгүлтүккө учуратпоосу керек

«Кайыңды-Кант» ААК республика боюнча түшүм жыйноо маалында ишти үзгүлтүккө учуратпоосу керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Чүй облусунун Панфилов районундагы «Кайыңды-Кант» ААК ишмердүүлүгү менен таанышканда билдирди.

Учурда завод күнүнө 2,5 миң тонна кызылчаны кайра иштетип, 500 тонна кумшекер чыгарууда. 673 адам эмгектенген заводдо сезон маалында дыйкандардан келип түшкөн кант кызылчасын толук кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Заводдун Чүй жана Талас облустарында 9 кант кызылчасын кабыл алып, кайра иштетүүгө чейин сактап туруучу пункту бар.

2012-жылы завод жаңыланып, заманбап техникалар менен камсыз болуп, оңдоп түзөөгө жалпы суммасы 10 млн. АКШ доллардан ашык каражат сарпталган. Быйыл алгачкы жолу завод суткасына 500 тоннага чейинки өндүрүмдүүлүк менен кант кызылчасынын чийки затын өндүрүүнү пландоодо.

Заводдун иши менен таанышып чыккан Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев түшүм жыйналып турган маалда ишти үзгүлтүккө учуратпай, бардык кабыл алуучу пунктарда ишти үзгүлтүксүз жүргүзүүнү тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү