14
Февраль
2017
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Малдарды идентификациялоо Өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө болот
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын 2016-жылды жыйынтыктаган коллегиясына катышты.
Биринчи вице-премьер-министр өлкөнүн экономикасына салым кошо турган багыт катары лабораторияларды, мал союучу жайларды куруу иштерин бүтүрүү олуттуу милдет экенин айтып, республика боюнча малдарды идентификациялоо иштери Өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө болоорун айты. Ошондой эле 2017-жылы саан уйларды идентификациялоону аягына чыгаруу зарылдыгын эскертти.
Мухамметкалый Абулгазиев: республика боюнча мал союучу жайларды иретке келтирүү иштерин, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларындагы эт саткан жайлардын ишин сынга алды. Буга байланыштуу Бишкек жана Ош шаарларынын ветеринардык башкармалыктарына 2017-жылдын май айына чейин тармакты иретке келтирүүнү тапшырды.
«Республика боюнча ветеринардык адистердин жоопкерчилигин күчөтүп, алардын кесипкөйлүгүнө өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Бул тармакта билим алган адистерди табуу кыйын. Андыктан ишти каалаган айыл тургунуна жүктөп коюу тармактын ишмердүүлүгүн алсыратып, эл арасында туура эмес пикирлерди жаратат. Калк арасында түшүндүрүү иштери жакшы болгондо гана ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жардамы менен ишти аягына чыгарууга болот»,- деди Биринчи вице-премьер-министр.
Учурда республика боюнча 50 миңден ашык бодо мал идентификациядан өткөрүлүп, 450 миң сомдон ашык каражат чогулду. Долбоордо пилоттук аймак катары алынган Чүй облусунун Ысык-Ата району боюнча 15 миң мал идентификацияланып, 134 миң сомдой каражат, ал эми Ош облусунун Ноокат районунда 19 миң мал идентификациядан өтүп, андан 300 миң сомго жакын каражат чогулду.
[su_carousel source="media: 89939,89940,89941,89942,89943,89944,89945" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү