10

Июнь

2017

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишин жакшыртуу үчүн Өкмөт чараларды көрөт

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишин жакшыртып, аны жөнөкөй жарандарга жеткиликтүү кылып, шарттары мындан да жеңилдетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чараларды көрөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 9-июнда, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишин жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр депутаттардан жана тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун жетекчилеринен турган комиссия мүчөлөрүнө калктын социалдык турмушун жакшыртуу жана аларга шарт түзүү максатында долбоорду кеңири жайылтуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Өлкөдө 2015-жылдан бери республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп, бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерди турак-жай менен камсыз кылуу долбоору алгачкы жолу ишке ашууда. Андагы кемчиликтерди эске алуу менен долбоорду мүмкүн болушунча элге кеңири жайылтуу керек. Бул долбоор жалгыз гана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын эмес, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, облус жана район жетекчилеринин жоопкерчилиги менен калк арасына кеңири тарайт», - деди Мухамметкалый Абулгазиев.

Бүгүнкү күндө компаниянын 310 млн сом уставдык капиталы бар. 1 300 жаран долбоордун эсебинен турак жайлуу болду. Кезеке тургандардын басымдуу бөлүгүн Бишкек жана Ош шаарынан турак-жай алууну каалагандар түзөт. Долбоордун ишин жакшыртуу максатында бул тармакка инвестиция тартуу жана баалуу кагаздарды чыгаруу маселеси талкууланды. Мындан сырткары Мамлекеттик ипотекалык компания ар бир облус жана райондордун борборунда турак жайларды курууну пландоодо.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү