25

Январь

2017

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Нарын облусунун Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясына катышты

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2016-жылдагы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2017-жылга планын бекитүү боюнча коллегиянын ишине катышты. Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев белгилегендей, жергиликтүү бийлик, өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнө тийиштүү маселелерди чечүүдө мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланбай жатканын сынга алды. Ал облус жетекчилигин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди так жана жоопкерчиликтүү аткарууну, эл менен активдүү иш алып баруу зарылдыгын белгиледи. «Эл менен дайыма жакындан тыгыз иштей белген демилгелүү башкаруучулар керек. Айыл жерин өнүктүрүүнүн механизмдерин иштеп чыгып, каражат булактарын издөө жолдорун табуу зарыл»,- деп белгиледи Мухамметкалый Абулгазиев. Ошондой эле Мухамметкалый Абулгазиев Евразиялык экономикалык Биримдиктин алкагында аймакта өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын экспорттого мүмкүнчүлүк түзүлөрүн, буга байланыштуу ветеринардык лабороторияларды талапка ылайыктоо, логистикалык борборлорду түзүү зарылдыгын баса белгиледи. Коллегиянын отурумунда мындан тышкары санариптик телеберүүгө даярдыктардын жүрүшү талкууланды. Аймактын социалдык-экономикалык маселелерин чечүү, бул багыттагы пландарды өз мөөнөтүндө натыйжалуу ишке ашыруу боюнча тапшырмалар берилди. Коллегиянын соңунда республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн толук кандуу аткарбагандыгы, электр энегиясына болгон дебитордук карыздардын жогорулоосуна жол бергендиги үчүн Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына, Нарын районунда өнөр-жай продукциясынын көлөмүнүн азайып кетүүсүнө жол бергендиги, салыктардын көлөмүн кыскартуу бюоюнча иш аракеттерди тийиштүү деңгээлде алып барбагандыгы үчүн Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басарына жана Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына эскертүү берилди. Ошондой эле Нарын шаарындагы элге көмүр отунун сатуучу кампалардагы көмүрдүн запасын жетиштүү кармоого убагында чараларды көрбөгөндүгү үчүн Нарын шаар башчысынын милдетин аткаруусу А.Сурановго сөгүш берилди. Буга удаа Биринчи вице премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев облустун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын башкы адиси Табылды Жумагуловго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасын тапшырды. Мындан тышкары бир катар кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун атынан алкыш жарыялады. [su_carousel source="media: 88844,88845,88846"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү