01
Сентябрь
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Ош шаарында Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына арналган майрамдык салтанатка катышты
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев 31-августта, Ош шаарында өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына арналган майрамдык салтанатка катышып, шаардыктарды жана жалпы облус тургундарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан өлкөнүн эң негизги майрамы – Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 25 жылдыгы менен куттуктады.
“Кыргызстандай жаш, эркин мамлекет үчүн эгемендүүлүк жолун табуу оңой-олтоң болгон жок. Бир кездерде татаал ашуулардан өтүүгө туура келген. Арыбыздан элди экиге бөлүүгө аракеттенгендер чыгып, саясий талаш-тартыштардын жана улуттар аралык чыр-чатактарды уюштурган эл душмандарынын курмандыгына айланган учурларыбыз болду. Бирок кандай гана кыйын күндөр болбосун элбиз калыстыктан тайбай, биримдикти туу тутуп, өлкөбүздү сактап келдик. Кыйын учурларда бир түтүндүн астына биригип, келечекке болгон ыйык ишенимибизди жоготкон жокпуз. Дал ошол биримдик, сабырдуулук жана элибиздин жаратман эмгегинин натыйжасында мамлекет катары түптөлө алдык. Мамлекетибизде тынчтык, ынтымак өкүм сүрүп, гүлдөй беришине тилектешмин” – деди М.Абулгазиев.
Ош шаарындагы майрамдык салтанат аскердик парад менен коштолуп, түштөн кийин шаар тургундары жана келген коноктор үчүн шаардагы эс алуу жайларында майрамдык иш чаралар уланды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү