18

Февраль

2017

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Токойлордун мыйзамсыз кыйылышына бөгөт коюу зарыл

Республика боюнча токойлордун мыйзамсыз кыйылышына бөгөт коюу зарыл. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин 2016-жылды жыйынтыктаган коллегиясында билдирди. Биринчи вице-премьер-министр тармактагы жетишкендиктер менен катар кемчиликтерге да токтолуп, климаттык өзгөрүүнү эске алуу менен экология маселесинин маанилүүлүгүн баса белгиледи. «Токой дарактарын жыл өткөн сайын көбөйтүп, алардын экологияга тийгизген таасири менен катар, экономикага кошкон салымын да көтөрүшүбүз керек»,-деди Мухамметкалый Абулгазиев. 2016-жылы 2500 түптөн ашык дарак мыйзамсыз кыйылып, мамлекетке 2 млн сомдой зыян келтирилген. Аны менен катар 13 мин куб дарак пландуу кыйылган. Республика боюнча 2582 гектар жерге жаңы көчөттөр отургузулду. Соңунда Биринчи вице-премьер-министр Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчилигине, аймактын токой чарба өкүлдөрүнө тармакка инвестиция тартууну, экология жашыл экономика багытында түрдүү долбоорлорго катышып, ишти алдыга карай жылдырууну тапшырды. [su_carousel source="media: 90194,90195,90196,90197" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү