15

Август

2017

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Ысык-Ата районундагы жаратылыш кырсыгы катталган аймактардан кабар алды

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 14-августта, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 2017-жылдын 11-августунда катуу жааган жаандын кесепетинен жабыркаган аймактардан кабар алды.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевге Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Өкмөткө караштуу архитектура курулуш жана коммуналдык турак жай мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов учурдагы абал тууралуу толук маалымат берип, жабыркаган участоктордо Ысык-Ата райондук жарандык коргонуу кызматтарынан, Туз айыл өкмөтүнөн 1 жүктөгүч, 1 автокран жана жергиликтүү тургундар иштеп жатканын билдирди.

Кырсыктын натыйжасында көпүрөнү суу алып, бир нече айылдардагы жергиликтүү тургундар таза суусуз калып, унаа жолдору жарактан чыгып, эскилиги жеткен мектеп авариялык абалга учурады.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 11-август күнү тоолордо жааган жаандын кесепетинен Ысык-Ата айыл аймагынын Таш-Башат айылында Кичи-Төр коктусунан сел суулары агып түшүп, сайга жакын жайгашкан 2 сарайды каптап, кээ бир жерлерин жараксыз абалга келтирген. Туз айыл аймагынын Серафимовка айылында Нооруз суусу аркылуу агып келген сел суулары жээкти жеп, жөө адам өтүүчү көпүрөнүн жанындагы Суу тосмону бузуп кеткен. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Учурда Ысык-Ата райондук жарандык коргонуу кызматтарынан турган комиссия курамы, суу каптаган айыл аймактарда келтирилген чыгымдардын көлөмүн тактоо иштерин жүргүзүшкөн.

Сай аркылуу агып өткөн сел суулары кооптуулук жараткандыктан, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин алдын алуу максатында Ысык-Ата, Логвиненко, Туз, Новопокровка айыл аймактарынын жашоочуларына эскертилген.

Суу каптаган жерлерди көрүп чыккан Биринчи вице-премьер-министр тишелүү мамлекеттик органдарга алдын алуу иштерин күчөтүүнү жана азыркы катталган жаратылыш кырсыгынын чыгымдары боюнча кыска убакыт аралында толук маалымат берүүнү тапшырды.

[su_carousel source="media: 101548,101549,101550,101551" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү