01
Сентябрь
Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов Чүй облусунун тургундарын Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов бүгүн, 31-августта Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кант шаарында өткөн майрамдык салтанатка катышып, жергиликтүү элди Эгемендүүлүктүк 26 жылдыгы менен куттуктады.
«Сиздерди өлкөбүздүн тарыхындагы эң даңазалуу күн деп бааланган Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 26 жылдык мааракеси менен Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан, Өкмөт башчысынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын ыкыласымдан куттуктаймын! Кыргыз эли- эки миң жылдык тарыхы бар байыркы эл. Улуу муундар баштарынан нечендеген оор сыноолорду өткөрүшсө да өздөрүнүн тилин, дилин жоготпой, жерин тарттырып жибербей, залкар «Манас» эпосундай оозеки чыгармаларын сактап укумдан-тукумга өткөрүп келишкен. Ал эми эгемендүүлүктү алып өзүнчө мамлекет катары дүйнө элдери менен саясий, маданият жана экономикалык байланыштарды түзүп карым-катнашта болуп жатканын сыймык менен айта алабыз. », — деди ал.
Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов жаңы Өкмөттүк курам биринчи кезекте элдин бакубатчылыгы үчүн бир катар пландарды ишке ашырууга камынып жатканын баса белгиледи.
«Өкмөттүн “Жаңы доорго-кырк кадам”программасында биринчи кезекте мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө элдин тез жана сапаттуу тейлөөлөргө ээ болушу үчүн бардык шарттарды түзгөнгө аракет кылып жатабыз. Мен ишенем, биз биргеликте көп тоскоолдуктарды жеңип, элдин жакшы турмушу үчүн маанилүү пландарды ишке ашырсак болот», —деди ал.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү