01
Ноябрь
Биринчи вице-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 2010-жылдын апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында жана 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынын өткөрдү.
Комиссиянын төрагасы болгон Кубатбек Боронов белгилегендей, Өкмөт тарабынан 2010-жылы жабыркагандардын жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүлүп келет жана улантылмакчы.
Жыйындын жүрүшүндө 2010-жылдагы окуяларда жабыркагандарга, катышуучуларына жана курман болгондордун туугандарына социалдык колдоо көрсөтүү маселеси талкууланды. Мындан тышкары алардын учурдагы абалы жана жардамга, анын ичинде медициналык көмөккө муктаждар тууралуу маалымат угулду.
Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, комиссиянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана күчтөндүрүү максатында көмөк көрсөтүү маселеси боюнча кеңешмелерди үзгүлтүксүз негизде өткөрүү зарыл. Буга байланыштуу тийиштүү министрлик жана ведомстволорго аталган маселени координациялоо, тактап айтканда, комиссия тарабынан кабыл алынган чечимдерди өз мөөнөтүндө аткаруу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.
Эскертсек, Комиссиянын курамына министрлик жана ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлери, «Мекен шейиттери», «Эр Теги», «Апрель Баатырлары», «Айкөл Ала-Тоо», «Апрель. Элим. Кыргызстан», «Айкөл Таза Коом» жана «Апрель Баатырлар Биримдиги» коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү кирген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү