15
Июль
2020
Бишкекке мобилдик кычкылтек концентраторлорунун кезектеги партиясы жеткирилди
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сатылып алынган мобилдик кычкылтек концентраторлорунун кезектеги партиясы Кытай Эл Республикасынан чартердик каттам аркылуу 200 даана көлөмдө алынып келинди.
Белгилесек, үстүбүздөгү жылдын июль айынан тарта өлкөгө республикалык бюджеттин каражатына сатылып алынган 1 миңден ашуун мобилдик концентраторлор алынып келинген. Ошондой эле гуманитардык көмөк көрсөтүү линиясы боюнча да концентраторлор келүүдө.
Өлкөгө алынып келинген кычкылтек концентраторлору, муктаждыкка жараша, республиканын саламаттык сактоо уюмдары арасында таркатылып берилет.