14

Ноябрь

2018

Бишкекте «АгроТехЭкспо-2018» көргөзмөсү ачылды

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «АгроТехЭкспо-2018» айыл чарба техникаларынын көргөзмөсүнүн ачылышына катышты. «Айыл чарбасынын потенциалын күчөтүү атамекендик агрардык тармакты өнүктүрүүнүн маанилүү маселелеринин бири болуп саналат. Евразиялык экономикалык бирлигине киргенден кийин дыйкан-фермерлерибиз үчүн кеңири базардын ачылышы менен кошо катуу атаандаштык да пайда  болду. Буга байланыштуу биздин дыйкандардын жана кайра иштетүүчүлөрдүн жаңы технологияларды колдонуусу заман талабы болуп саналат. Биз өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын сапаты жогору жана өздүк наркы төмөн болушуну жетишүүгө тийишпиз», - деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. Анын айтымында, акыркы жылдары айыл чарбасын механизациялоо деңгээлин жогорулатуу боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө. «Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган чечимдердин негизинде айыл чарба техникаларынын лизингин өнүктүрүү үчүн 800 млн. сомдон ашык акча каражаты “Айыл Банк” Ачык акционердик коомуна лизинг фондун түзүүгө берилди. Ошондой эле ЕврАзия өнүктүрүү банкынан 20 млн. доллары инвестициялык насыя тартылып, бүгүнкү күнү 14,6 млн. доллары өздөштүрүлдү. Ошону менен бирге жыл башынан бери Өкмөт тарабынан дагы 102,5 млн. сом дыйкандарга кымбат оруп жыюучу техникаларды, кубаттуу тракторлорду лизингке берүү үчүн бөлүндү», - деди биринчи вице-премьер-министр. Кубатбек Боронов кошумчалагандай, өлкө аймагында 2020-жылга чейин Машина-трактордук станцияларды түзүү боюнча план иштелип чыккан. Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча 71 МТС иштеп жатат, анын 15и 2018-жылы түзүлгөн. Буга катар биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, кыска мөөнөттөгү кабыл алынган чаралар жана бөлүнгөн каражаттардын көлөмү дыйкандардын айыл чарба техникасына карата муктаждыктарын толугу менен канааттандыра албайт. Кубатбек Боронов ошондой эле өлкө аймактарында мындай көргөзмөлөрдү өткөрүү маанилүү экендигин белгиледи. Белгилесек, «АгроТехЭкспо-2018» айыл чарба техникасы көргөзмөсүндө 20 өлкөнүн 30 компаниясынан келген өкүлдөр, ошондой эле республиканын булуң-бурчунан келген фермерлер жана дыйкандар катышууда. [su_carousel source="media: 125700,125701,125702,125703,125704,125705,125706,125707,125708,125709,125710,125711,125712,125713,125714" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]  

КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү