14

Март

2019

Бишкекте Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-эмират өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи жыйыны өттү

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри Султан Аль Мансуринин төрагалыгы алдында Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-эмират өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи жыйыны өттү.

Тар жана кеңири курамда өткөн комиссиянын жыйынынын жүрүшүндө эки жактуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу маселелери, ошондой эле айыл чарба, маалыматтык технологиялар, туризм, чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү жана башка актуалдуу темалар боюнча талкуу жүргүзүлдү.

Өз сөзүндө вице-премьер-министр өзгөчө белгилегендей, өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи жыйынын өткөрүү эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя болуп саналат.

«Биз үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экономика жана соода тармагы болуп саналат. Буга байланыштуу белгилей кетсем, соода-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалы биздин өлкөлөрдүн экономикалык талаптарына жооп бербейт. Өз ара биргелешкен аракеттешүүлөрдү келечектүү өнүктүрүү үчүн биздин зор потенциалыбыз бар», - деп баса көрсөттү Жеңиш Разаков.

Вице-премьер-министр соода-экономикалык кызматташтыкты мындан аркы өнүктүрүү максатында Кыргызстандан эт продукцияларынын, бал, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана кийиз буюмдардын экспортун кеңейтүү мүмкүндүгүн карап чыгууну сунуштады.

«Ошондой эле эки өлкөнүн жеке чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды жөнгө салуу биз үчүн маанилүү болуп саналат. Кыргыз тарап БАЭ ишкерлерине ири долбоорлорду сунуштоого даяр. Мындан тышкары биз кызматташуунун маанилүү багыты катары транспорт жана жарандык авиацияны эсептейбиз. 2018-жылы БАЭ туристтеринин саны мурдагы жылга салыштырмалуу дээрлик үч эсе өскөн», - деди ал.

Ошону менен бирге Жеңиш Разаков энергетика, агрардык комплекс, азык-түлүк өнөр жайы, билим берүү жана инновация тармактарында кызматташуу келечеги тууралуу кеңири айтып берди.

БАЭ экономика министри Султан Аль Мансури өз кезегинде баса көрсөткөндөй, эксперттик деңгээлде жана тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен бир катар жолугушуулар өткөрүлгөн. Анын айтымында, БАЭ жетекчилиги өлкөлөр ортосундагы экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу маанилүү деп эсептейт. Ал өлкөлөрдүн ортосундагы учурдагы соода-экономикалык потенциалды өстүрүүгө даярдык билдирди.

Иш-чаранын соңунда Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-эмират өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи жыйынынын Протоколуна кол коюлду.

[su_carousel source="media: 130255,130256,130257,130258,130259,130260" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]    

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү