04

Март

2020

Бизнес акыйкатчы институту ишкерлердин укугун коргойт

Кыргызстанда жакынкы күндөрү Бизнес акыйкатчы институту өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп баштайт.

Аталган институтту ачуу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан демилгеленип, бул тууралуу токтомго Премьер-министр кол койгон.

Бизнес акыйкатчы институту ишкерлердин мамлекет тарабынан бузулган укуктарын коргоо максатында түзүлгөн көз карандысыз орган болуп саналат.

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Бизнес акыйкатчысы Робин Орд-Смит мырза Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкуловдун кабыл алуусунда болуп, алдыдагы иш мерчемдер тууралуу пикир алмашты. Ошондой эле бул күнү облус аймагындагы ишкерлер менен таанышып, институттун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, институт ишкерлердин мамлекеттик органдар тарабынан бузулган укуктарын коргоо, коррупция менен күрөшүү, ишкердикти өнүктүрүү боюнча мыйзамдардын иштелип чыгуусуна жана иштөөсүнө түрткү берүү багыттарында ишмердүүлүгүн жүргүзөт.

Ишкерлердин арыздары акысыз каралат. Мыйзамга ылайык каттоодон өткөн ишкерлер укугу бузулган учурларда бизнес акыйкатчыга кайрыла алышат.

Ал эми ишкерлердин ортосундагы талаш-тартыштар, сотто каралган маселелер, 12 айдан мурда болгон укук бузуулар жана административдик органдарга кайрылбай түз даттанган учурлар каралбайт.

"Бизнес акыйкатчынын көз карандысыз уюм болгондугу эл аралык деңгээлде Кыргызстандын ачыктыгын көрсөтөт",- дейт Робин Орд-Смит мырза.

Арыз-даттануулар менен аталган органдын расмий сайты, электрондук почтасы аркылуу жана оозеки кайрылышса болот.

Дареги: Бишкек шаары, Ибрагимов көчөсү 103, 2-кабат, "Виктори" бизнес борбору. Байланыш телефону: +996 (312) 91 13 30, 91 13 31. www.boi.kg
Электрондук дареги: aryz@boi.kg

КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.