21

Октябрь

2020

Болотбек Дыйканбаев Өзгөн районунун акими кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесинин 7-пункттуна ылайык Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими Дыйканбаев Болотбек Жусупович ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров кол койду.