10
Январь
Бүгүн, 9-январда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, КР Өкмөтүнүн алдындагы коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуучу Кеңештин төрагасы Жантөрө Сатыбалдиев Кеңештин жыйынын өткөрдү.
Кеңештин жыйынында 5-январдан 7-январга чейин Баткен облусунун Чарбак айылынын жана Сох анклавынын жанында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арада болуп өткөн окуянын келип чыгышы жана себеби талкууланды.
Кеңештин мүчөлөрү Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси З.Тиленовдун, КР Өкмөтүнүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Разаковдун, ИИМ министри Ш.Атахановдун докладдарын угушту..
Премьер-министр облустук штаб кечигүү менен түзүлгөндүгүн белгилеп, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркация иштерин жандандырууну айтты. “Бардык талаш маселелерди чечүү жана мамлекеттик чек араны бекем кайтаруу - бул чек арадагы стабилдүүлүктүн жана тынчтыктын белгиси. Бул жаатта биз ишти кайрадан жандандырабыз”, - деди ал.
“Баткен облусунун Чарбак айылынын жанында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында болуп өткөн окуя тууралуу” КР Өкмөтүнүн алдындагы коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуучу Кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:
- 2013-жылдын 5-7-январындагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы окуянын келип чыгышын жана себебин изилдөо боюнча тармактар аралык комиссия түзүлсүн;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2013-жылдын 21-январына чейин делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүн долбоорунун чечимин даярдасын;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына:
-2013-жылдын 21-январына чейин “Чарбак” чек ара тилкесиндеги окуянын чыгыш себебин иликтөөнү өткөрүп, жыйынтыгы боюнча ыйгарым укукту кызмат адамдардын күнөөлүлүгү аныкталсын;
-ведомствонун штаттык түзүмүн түзүүдө, мурда болгон резонанстык чатактардын фактылары катталган чек ара тилкелерине зарыл болгон сандагы күч жана каражат менен камсыздалсын;
1. Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө:
-Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын, ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук кызматынын жана прокуратуранын аймактык бөлүмдөрү менен пландык негизде мамлекеттик чек араны кесип өтүүнүн тартиби, конфликтик ситуацияларды болтурбастан алдын алуу, тынчтыкты жана улуттар аралык биримдикти сактоо тууралуу чек арага жакын жайгашкан калктуу пункттардын тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн;
- мамлекеттик чек арага жакын жүргүзүлгөн айыл чарба жана башка иштер, мал жаюу көзөмөлгө алынсын;
- чек ара райондорундагы туруктуулукту жана тартипти сактоо маселелерин чечүү жана эки тараптык байланыштарды, өз ара ишенимдерди чыңдоо боюнча чектеш мамлекеттердин жергиликтүү бийликтери менен дайыма байланыш күчөтүлсүн.
5.Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлиги 2013-жылдын 4-февралына чейин укук колдонуу практикасын анализдөө, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү, чек ара жана өткөрмө пункттардын режимдерин бузуу жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуш киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү 2013-жылдын 4-февралына чейин чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча аймактык программаларына, жаңы жумуш орундарын түзүү, калктын турмуш шартын жакшыртуу боюнча тактоолорду киргизсин.
7. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министирлиги Айгуль-Таш – Согмент – Чарбак – Таян багыттары боюнча аватоунаа жолдорун курулушун жандандырсын жана 2013-жылдын 4-февралына чейин алдын ала маалымат берсин.
8. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлиги бир айлык мөөнөттө штатык түзүмүн уюштурууну оптималдаштыруунун эсебинен чек арага жакын жайгашкан калктуу пункттарда участкалык инспекторлорду көбөйтүүнүн чараларын кабыл алсын.
9. Жогорудагы чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жанан өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү