21

Декабрь

2017

БУУ мекемелери тарабынан өнүктүрүү жаатында Кыргыз Республикасына көмөк көрсөтүүнүн рамкалык негиздерин ишке ашыруу боюнча Стратегиялык Координациялык комитеттин биринчи кеңешмеси өттү

Бириккен улуттар уюмунун мекемелери тарабынан 2018-2022-жылдарга өнүктүрүү (ЮНДАФ) жаатында Кыргыз Республикасына көмөк көрсөтүүнүн рамкалык негиздерин ишке ашыруу боюнча Стратегиялык Координациялык комитеттин биринчи кеңешмеси өттү. ЮНДАФ теңтөрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков жолугушууну ачууда Өкмөт эксперттик жана эл аралык донордук коомчулукка өкмөттүк программаларды биргелешип иштеп чыгуу жана ишке ашырууга катышууну сунуштагандыгын белгиледи. «Биз тараптан 2018-2022-жылдарга биргелешкен планды даярдоо боюнча активдүү иш жүргүзүлгөн. Мындай ачык жана кеңешүүчү мамиле биздин өнөктөштүгүбүздүн маанилүү мүнөздөмөсү катары белгилүү жана ошол бойдон кала берет, мунун өзү конкреттүү программа жана долбоорлор аркылуу алдыга коюлган милдеттенмелерди ийгиликтүү ишке ашыруунун кепилдиги болот. БУУ тутум мекемелеринин улуттук стратегиялык документтерди –2040-жылга чейинки Туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго кырк кадам» Программасын даярдоого кошкон салымын белгилеп кетүү керек. Биз сиздердин көмөктөшүүңүздөргө ыраазычылык билдиребиз», - деди Сапар Исаков. БУУ тутумунун Туруктуу Координаторунун милдетин аткаруучу, ЮНДАФ теңтөрагасы Юкиэ Мокуо белгилегендей, артыкчылыктуу милдеттер Кыргыз Республикасына 2018-2040-жылдарга «Таза Коом – Жаңы Доор» Стратегиясын ишке ашырууга көмөктөшүүгө багытталган. «Бул экономикалык, социалдык бакубаттык жана коопсуз чөйрө. Соңку жыйынтыктарга жетүү менен ар-бир артыкчылыктуу багыт «Жаңы доорго кырк кадам» өнүктүрүү жана реформалар программасын ишке ашырылышына өз салымын кошот», - деди Юкиэ Мокуо. Андан соң кеңешмеге катышкан БУУ тутумунун топторунун төрагалары «Жаңы доорго кырк кадам» Программасынын приоритетттүү багыттары боюнча орто аралык байланыштарынын жыйынтыктары жөнүндө бетачарларды тартуулашты. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин мүчөлөрү БУУнун өкүлдөрү менен Программаны ишке ашыруу механизмдерин кенен талкуулашты. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри мазмундуу презентациялар үчүн ыразычылыгын билдирип, программанын багыттары адын ала талдоодон жана өнүктүрүү боюнча өнөкөштөрдүн колдоосунан өткөндүктөн, Программа эффективдүү ишке ашырылаарына ишенип жатканын белгиледи. «Биз тыгыз кызматташууга даярбыз жана БУУ тутумуна биздин өлкөдөгү кызматташтыктын Рамкалык негиздерин ишке ашыруудагы алдыга койгон максаттарга натыйжалуу жетишүү үчүн керектүү жардам көрсөтүүгө даярбыз», - деди Сапар Исаков. Өкмөт башчы ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ишмердүүлүгүнүн тыгыз байланышы «Жаңы доорго кырк кадам» программасына кирген демилгелерди ийгиликтүү ишке ашырууга шарттарды түзөт деп белгиледи. Белгилей кетсек, 2017-жылдын майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана БУУ аралык мекемелери тарабынан 2018-2022-жылдарга өнүктүрүү (ЮНДАФ) жаатында Кыргыз Республикасына көмөк көрсөтүүнүн рамкалык негиздерине кол коюлган. ЮНДАФ өзүнө кызматташтыктын төрт приоритеттүү багытын камтыйт: 1. туруктуу жана ар тараптуу экономикалык өсүү, өнөр-жайды жана айыл-чарбасын өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу; 2. ак ниеттик башкаруу, мыйзамдын үстөмдүгү, адам укуктары жана гендердик теңдик; 3. айлана чөйрө, климаттык өзгөрүү жана табигый кырсыктардын тобокелчиликтерин башкаруу; 4. социалдык камкордук, саламаттыкты сактоо жана билим берүү.

[su_carousel source="media: 109280,109281,109282,109283,109284,109285,109286,109287,109288,109289" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 109100,109101,109102,109103,109104,109105,109106,109107,109108,109109,109110,109111" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 108780,108781,108783,108784,108785,108786,108787" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 107840,107839,107838,107837" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү