05

Ноябрь

2018

Чүй облусунун Шопоков шаарында Калкты тейлөөчү жаңы борбордун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын  вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарындагы Калкты тейлөөчү жаңы борбордун ачылышына катышты. Вице-премьер-министр акыркы мезгилде Мамлекеттик каттоо кызматы инновацияларды киргизүү жана Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин актуалдаштырылган маалыматтык базасын  түзүү боюнча жогорку жыйынтыктарга жетишкендигин канагаттануу менен белгиледи. Жеңиш Разаковдун айтымында, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн артыкчылыктуу миллдеттеринин  бири катары калкка сапаттуу жана жеткиликтүү мамлекеттик тейлөө көрсөтүү болуп саналат. «Заманбап маалыматтык технологиялардын пайдаланылышы мамлекеттик тейлөө көрсөтүүнү жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берди, калкты тейлөө мөөнөтү кыскартылып, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар камсыздалып, жарандардын чиновниктер менен түз байланышы кандайдыр бир деңгээлде жоюлду, натыйжада, бул коррупциянын деңгээлин реалдуу түрдө кыскартууга алып келди», - деди Жеңиш Разаков. Вице-премьер-министр белгилегендей, акыркы жылдары Өкмөт иштеп жаткан Калкты тейлөө борборлорун жаңы форматка өткөрүүгө жетишти. «Бүгүнкү күнү Калкты тейлөө борборлорунда бардык шарттар түзүлгөн, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмү, жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү, ошондой эле документтештирүү үчүн бардык зарыл кызматтар жайгаштырылган. Арыз ээлери талап кылынган документтерди имараттан тышкары чыкпастан топтоп жана мамлекеттик кызматтарды пайдалануу үчүн арыз калтыра алышат», - деп белгиледи Жеңиш Разаков. Вице-премьер-министр белгилегендей, аймактарды өнүктүрүү Концепциясынын алкагында көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын сапатын, анын ичинде өлкөнүн аймактарында жогорулатуу милдеттери коюлган, буга байланыштуу үстүбүздөгү жылы жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында ачылган жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда ачылышы пландалууда. Мындан тышкары Жеңиш Разаков баса белгилегендей, транспорттук каражаттарды каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү алуу жаатында Калкты тейлөө борборунун үлгү моделин түзүү зарыл. Ошондой эле иш-чаранын алкагында вице-премьер-министр бул КТБга алгачкы болуп арыз менен кайрылган жаранга жаңы үлгүдөгү ID-паспорт жана жаңы төрөлгөн ымыркайдын ата-энесине туулгандыгы тууралуу күбөлүк тапшырды. Маалымдама: Шопоков шаарындагы КТБ жаңы имаратынын аянты 800 м2 түзөт. Жарандарга паспорт, ЖААК боюнча кызматтын 36 түрү көрсөтүлөт. Ошондой эле жаңы формат боюнча фото, касса, нотариус жана салтанат залынын кызматтары каралган. [su_carousel source="media: 125475,125476,125477,125478,125479,125480" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]    

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү