10

Январь

2020

Чек арадагы окуяга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүүлөр жыйынтыкталды

Баткен районунун Тажик Республикасы менен чектеш аймагында, 2020-жылдын 9-январынан 10-январына караган түнү катталган окуяга байланыштуу, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жыйынтыкталды. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Кеңеш Салихов, Тажик Республикасынын Согди облусунун төрагасынын биринчи орун басары Бахавдин Баходирзода жана облустун күч түзүмдөрүнүн деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тараптар кырдаалды турукташтыруу, жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чек арачылар, ички иштер кызматкерлери биргеликте иш алып барууну макулдашты. Ошондой эле Баткен району менен Тажикстандын исфара райондорунун чыр чатак көп катталган чек ара тилкелерине, видео байкоо орнотуу чечимине келишти.         

Чек арадагы абал ыйгарым укуктуу өкүл Акрам Мадумаровдун такай көзөмөлүндө. Күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу менен къзөт иш чараларын жүргүзүүдө. 

Ал эми убактылуу коопсуз жайга чыгарылган Көк-Таш айылынын тургундары азырынча айылдагы орто мектепке жайгашып турушат. Алар аялдар, балдар жана улгайган адамдар. Алар үчүн керектүү болгон бардык жардамдар көрсөтүлүүдө. Учурда тургундарды үйлөрүнө жиберүү боюнча иш аракеттер жүрүүдө.