03

Май

2020

Чек арадагы Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Эсенбай конушуна таза суу жеткирилет.

img

2020-жылдын 3-майында КР дин вице-премьер-министри Акрам Мадумаров, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Араван районунун алыскы Төө- Моюн айыл аймагынын Эсенбай конушунун эли менен жолугушту. Айыл деңиз деңгээлинен;1250м  бийик, райондун борборунан 150 км алыс, четки айылдардан. Жыл өткөн сайын калк жерди өздөштүрүүнү колго алып,  эгин , бак аянттары кеңейтилген үчүн ичүүчү, сугат суунун тартыштык көйгөйү айтылып келүүдө.  Өткөн жылы да Өкмөттүн өкүлү Узарбек Жылкыбаев эл менен жолугушуп, көйгөйдү жеринен көрүп, ирригациялык иштер үчүн 100 миң сом каражат бөлүнүп берилген. Өкмөткө кат жөнөтүлүп, жыйынтыгында 2015-жылы башталып, токтоп турган таза суу тартуу иштерине каражат бөлүнүп берилген жана жалпы 70 млндой каржынын акыркы 7 млн сому подрядчылардын эсебине 2019-жылдын декабрь айында эле которулган. Ошол эмнеге алигиче бүткөрүлүп пайдаланууга бериле электигин тууралуу маалымат беришти. Учурда каражат Республикалык казынадан бөлүнүп, тендерден жеңген тарап( подрядчик) иш алып барууда, карантиндик кырдаалга байланыштуу жумушчулар жок, курулуш материалдарын жеткире албай кечиккен, азыр курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Буюрса, дагы 2 айда таза суу элге жеткирилээрин убадалады.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жеке өзү көзөмөлдөп тураарын билдирип, убакты жыйынтыктоо тапшырмасын койду. 

Өкмөт өкүлү Узарбек Жылкыбаев: " Алыскы , чек арага жакын аймактарда дыйканчылык  аракеттерин көрүп келген элге, шарт түзүү - биздин милдет" -,деп белгиледи.

Эскерте кетсек, айыл аймакта 3700 дой кожолук, бул Эсенбай айылында 169 кожолук бар.

  

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы