27
Январь
Чек аралаш аймактагы жаштардын демилгелери колдоого жана каржылоого алынды
Чек аралаш аймактагы жаштарды ар тараптуу колдоо максатында уюштурулган иш чара Кадамжай шаарында өтүп, ага КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова катышты.
Бул иш чара “Юз оф Ош” коомдук бирикмеси тарабынан колдоого алынган. Аталган уюм тарабынан 2019-жылдын июль айынан тартып Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын чек ара аймактарында жайгашкан 9 айыл өкмөтүнүн жаштарынын дараметин өстүрүү жана өзбек жаштары менен кызматташтыгын өнүктүрүү максатында “Чексиз достук” аттуу долбоору ишке ашкан.
Иш чаранын бир бөлүгү болуп “сынак” бөлүгү каралган. Ал бөлүктө жаштар өздөрү көтөрүп чыккан демилгелерди жана коомчулугундагы орчундуу деп алган көйгөйлөрдүн чечүү жолдорун сунушташты.
Мисалы чек арага чектеш айылдарда жаштардын бош убактысын туура пайдаланууга багытталган иш чараларды уюштуруу, айылга заманбап китепкана, чачтарачкана, тигүү цехин ачуу, музыкалык дараметин өстүрүү үчүн ийримдерди уюштуруу, балдар ойноочу аянттарды түзүү сыяктуу муктаждыктарын билдиришти.
Сынактын жыйынтыгында эң мыкты деп табылган демилгелер колдоо алышты.Эми алдыда алар финансылык жардам да ала алышат.