08
Февраль
2020-жылдын 1-январына карата Кыргызстандын калкынын саны 2,1% өсүп, 6 млн 456,5 миң адамды түзгөн
Болжолдуу маалыматтар боюнча калктын жылдык орточо саны 2020-жылдын 1-январына карата 2,1% өсүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 6 млн 456,5 миң адамды түзгөн.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча калктын жаш курактык түзүмүндө эмгекке жарамсыз курактагы жарандардын үлүшү 34,3 %, эмгекке жарамдуулар – 57,9 % жана эмгекке жарамдуу курактан жогорку жаштагылар – 7,8%.
2019-жылдын 11 айында төрөлүү көрсөткүчү 2018-жылдагы деңгээлде калып, 1000 адамга 26,9 түзгөн.
Калктын жалпы өлүмдүүлүк көрсөткүчү кыскаруу тенденциясына ээ болуп (1,9%), 1000 адамга 5,1 түздү.