19

Сентябрь

2019

2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамкомиссиянын мүчөлөрү кезектеги жыйынын өткөрүштү

2019-жылдын 7-8-августунда Чүй облусунун Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү кезектеги жыйынын өткөрүштү.

Мамкомиссиянын өкүлдөрү УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин, коомдук ишмер Турусбек Коеналиевдин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басарлары Алмаз Орозалиевдин жана Памирбек Асановдун Кой-Таш окуясы боюнча маалыматтарын угушту.

 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова жеке себептерине байланыштуу жыйынга катыша алышкан жок.

23-сентябрда өтө турган кийинки жыйынга депутаттар Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова кайрадан чакырылышты.

Мындан тышкары жыйында Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын маалыматы угулат.