12

Сентябрь

2012

Бүгүн, 12-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев башында турган Өкмөт мүчөлөрү элдин, Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында ант беришти.

Биринчи антты Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев берди, андан соң элдин, Жогорку Кеңештин, Президенттин алдын антты Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, вице-премьер-министр Камила Талиева, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси – министр Нурханбек Момуналиев жана калган Өкмөт мүчөлөрү беришти.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык Саясат бөлүмү