19
Декабрь
Өкмөт мүчөлөрү “Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлик функцияларын чектөө жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Токтом долбоорун колдоого алд
Бүгүн, 19-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынынын жүрүшүндө “Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлик функцияларын чектөө жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Токтом долбоору каралды.
Премьер-министр белгилегендей, жергиликтүү бийлик органдары аймактардын мүмкүндүгүн өнүктүрүүдө маанилүү жана натыйжалуу ролду ойноосу керек. «Өз кезегинде Өкмөт нормативдик-укуктук базаны жакшыртуу жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү боюнча колдон келген көмөгүн көрсөтөт», — деди Ж.Оторбаев.
Аталган маселе боюнча баяндамачы КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана улут аралык мамилелер боюнча мамагенттик директору Накен Касиев белгилегендей, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү трансферттердин жогорулатылышы менен гана эмес, жергиликтүү мүмкүндүктү күчтөндүрүү аркылуу ырааты менен жүргүзүлөт.
“Келечектеги ыйгарым укукту бөлүштүрүү саясаты жер-жерлерге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тийиштүү адистешүүсүн: кадрдык мүмкүндүктү билүүсү, жергиликтүү аймактын өзгөчөлүгү, жергиликтүү ресурстардын адаптациясы, чарбалар аралык жана административдик байланыштарды чыңдоо менен аймактар аралык кооперациянын мүмкүндүгүн эске алуу менен өткөрүлүшү керек», — деди Н.Касиев.
Экономика министри Темир Сариев белгилегендей, аталган Токтом долбоору кайсы орган эмнеге жооптуу экендигин жана ким көзөмөлгө алаарын так көрсөтүп турат.
Талкуу жыйынтыгы боюнча Өкмөттүн бардык мүчөлөрү КР Өкмөтүнүн аталган Токтом долбоорун жактырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү