17
Сентябрь
Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш мүчөлөрү Курулуш тармагын өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун карап чыкты
Бүгүн, 17-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгында өткөн КР Өкмөтүнө караштуу Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жүрүшүндө Курулуш тармагын өнүктүрүү стратегиясынын долбоору каралды.
Долбоордун бетачарын Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамагенттигинин директорунун орун басары Руслан Тагаев тааныштырды.
Анын айтымында, стратегияда курулуш тармагын өнүктүрүүнүн негизги жана келечектүү багыттары аныкталган, ал Кыргыз Республикасында шаар курууну өнүктүрүүнүн, аймакты көрктөндүрүүнүн мамлекеттик жөнгө салынышын аныктайт.
Бетачар жыйынтыгында бизнес-коомчулук өкүлдөрү бир катар маселени көтөрдү. Тактап айтканда, курулуш тармагындагы уруксаат тутумун жөнөкөйлөштүрүү, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча маминспеция ишинин так регламентин киргизүү, инженердик-техникалык тармактарга кошулуунун техникалык шартын жана тартибин сунуштоо эрежелерине түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгы тууралуу сөз жүрдү.
Мындан тышкары, Жаш ишкерлер ассоциациясы тарабынан курулуш тармагындагы көйгөйлөр жана аны чечүү жолдору, тактап айтканда, айрым нормативдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар айтылды.
Сунушталган Стратегияны жыйынтыктоодо Премьер-министр Жоомарт Оторбаев белгилегендей, өлкөдө курулуш тармагын өнүктүрүүнү жөнгө салуучу документтин көп жылдар бою орун албагандыгы тармактын башаламан өнүгүүсүнө шарт түзгөн.
“Учурда Бишкек шаарында курулуш күч алууда. Жакын арада ушундай эле көрүнүш Ош шаарында орун алгандыгына күбө болушубуз мүмкүн. Бул көптөгөн инвестицияларды түзөт. Ошондуктан абдан олуттуу реформаларды жүргүзүү зарыл, ал өз кезегинде инвестицияларды тартууга жагымдуу шарт түзөт. Мында белгилей кетчү нерсе, эсептөөлөр азыркы кезге дейре рубль жана эскирген курулуш ченем жана эрежелер боюнча жүргүзүлүүдө. Ошондой эле энергияны үнөмдөө стандарттары жок. Бизге стратегиялык документ, техникалык уруксаат документтери, тармактарга жеткиликтүүлүк керек. Бирок азырынча мамлекеттик органдар курулуш тармагын модернизациялоо жолунда тосмо катары турат», — деди Өкмөт башчы.
Маселени талкуулоо жыйынтыгы боюнча “2014-2017-жылдарга карата КР курулуш тармагын өнүктүрүү стратегиясынын” долбоорун кеңири талкууга алып чыгуу жана эки айлык мөөнөттө, сын-пикирлерди эске алуу менен, бекитилген тартипте аны КР Өкмөтүнө бекитүүгө алып кирүү чечими кабыл алынды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү