08

Октябрь

2014

КР Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы астында КР Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.

Жыйын соңунда, жол кырсыгынын санын азайтуу, жол кыймылына катышкан жарандардын ден-соолугун жана жашоосун сактоо максатында Комиссия тарабынан төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматына күз-кыш мезгилинин кирип келишине байланыштуу алдын-алуу иш-чараларын активдештирүү жана жол-транспорт кырсыктарын кыскартуу, айдоочуларды этияттыкка чакыруу боюнча планды иштеп чыгуусу; Өзгөчө көңүл билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык жана башка обьектилер жайгашкан аймактарга бурулушу кажет.

- Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын катчылыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын аймактык өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар жана коргонуу, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте жол кырсыгынын натыйжасында 5 адамдан көп каза болуу, же 10 адамдан ашык жаракат алган кырсык орун алгандан кийинки үч күндүк мөөнөттө Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кезексиз жыйынын өткөрүүнү уюштуруусу тапшырылды.

Мындан тышкары, Комиссия Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол кызматтарына кар тазалоочу техниканы өз убагында даярдап, жайгаштырууну, ошондой эле республиканын автожолдорунун тазалыгын, тийиштүү деңгээлде болуусун камсыздоо максатында кум жана туздуу аралашманы даярдоосун тапшырды.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү