01

Июнь

2018

Дүйшөмбү шаарында КМШ ӨБК кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча бир катар документер каралып, аларга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 1-июнда, Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан Республикасы) Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Жыйында төмөнкү маселелер талкууланды: - Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигиндеги экономикалык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу (каалоо боюнча); - Эркин тейлөө соодасы жөнүндө келишим долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө Жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун төрагасынын маалыматы тууралуу; - Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү тууралуу (2018-жылдын күзүндө Казакстан Республикасында өтөөрү күтүлүүдө). Андан соң КМШ ӨБК кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду: - «КМШга мүчө-өлкөлөрдүн интеллектуалдык менчик рыногун уюштуруу жана өнүктүрүү жөнүндө Келишим жөнүндө», - «КМШга мүчө-өлкөлөрдүн энергетиканы инновациялык өнүктүрүү жана алдыңкы энергетикалык технологияларды иштеп чыгуу жаатындагы Кызматташтык концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги Иш-чаралар планы жөнүндө» - «КМШга мүчө-өлкөлөрдүн электрондук жана электротехникалык жабдуулардын таштандылары менен иш алып баруу жаатындагы кызматташтыгы тууралуу келишим жөнүндө»; - «Мамлекет аралык стандартизация боюнча документтерди жайылтуу тууралуу келишим жөнүндө»; - «1994-жылдын 15-апрелиндеги Бажы иштериндеги кызматташтык жана өз-ара көмөк көрсөтүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол жөнүндө»; - «КМШга мүчө-өлкөлөрдүн 2020-жылга дейре Эл аралык инновациялык кызматташтык программасынын алкагындагы Мамлекет аралык инновациялык долбоорлорду жана иш-чараларды иштеп чыгуу жана каржылоо тартиби жөнүндө»; - «КМШга мүчө-өлкөлөрдүн 2025-жылга чейинки кутурма оорусунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча биргелешкен комплекстүү аракеттери жөнүндө; - «КМШ органдарынын бирдиктүү бюджетинен каржыланган Шериктештик органдарынын финансы-чарбалык ишмердүүлүгүн 2017-жылы документалдык ревизиялоонун жыйынтыктары жөнүндө»; - «КМШга мүчө-өлкөлөрдүн мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин Съезди тууралуу жобо жөнүндө»; - «КМШга мүчө-өлкөлөрдүн «КМШ үчүн 100 идея» Эл аралык жаштар долбоору жөнүндө»; - «КМШга мүчө-өлкөлөрдүн Коргоо министрлеринин Кеңешинин катчылыгы жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; - «Кадрдык дайындоолор жөнүндө: Аткаруу комитетинин Төрагасынын орун басары - Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Аткаруучу катчысы жөнүндө жана Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Мамлекеттер аралык статистикалык комитетинин төрагасы жөнүндө». [su_carousel source="media: 117853,117854,117855,117856,117857,117858,117859,117860,117861" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү