05

Апрель

2019

Дүйшөмбү шаарында мамлекеттик делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча КР жана ТР өкмөттөр аралык делегацияларынын кезектеги жыйыны өтөт

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегацияларынын кезектеги жыйынына катышат.

Кыргызстандык делегациянын курамына өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун, ошондой эле Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү кирген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү