29
Январь
2015
Дамира Ниязалиева: «Биз балдардын жеке өнүгүүсү жана билим алуусу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө колдон келген аракетти кылуубуз керек»
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапары алкагында Жети-Өгүз районундагы Дархан айылына барып, андагы айылдык клубдун курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Айыл башкармалыгынын жетекчиси Аскарбек Сатылганов белгилегендей, айылдык клубдун курулушу 2008-жылы башталган.
«Клубдун курулушуна 28 млн сом бөлүнүп, учурда анын 23 млн сому өздөштүрүлгөн, азыр жасалгалоочу жана тийиштүү аймакты ирээтке келтирүү иштери калды. Клуб 2 кабаттан турат жана 190 орунга эсептелген», — деп маалымдады айыл башкармалыгынын башчысы.
Өз кезегинде имаратты кыдырып чыккан соң Дамира Ниязалиева жалпы курулуш иштерин 2015-жылдын сентябрь айына карата жыйынтыктоону тапшырды.
Ошондой эле Дархан айылынын тургундары вице-премьер-министр Дамира Ниязалиевага Дархан, Чычкан жана Саруу айылдарын сугат суусу менен камсыздоочу дамбаны курууга 10 млн сом бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылышты.
Дамира Ниязалиева бул маселени иликтеп, мүмкүнчүлүккө жараша дамбаны каржылоо маселесин чечип берүүнү убадалады.
Андан соң вице-премьер-министр Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы «Нур» бала бакчасын барып көрдү. Бала бакчанын имараты 1981-жылы курулган жана көп жылдан бери иштетилбей турган. 2011-жылы гранттык каражаттарга имарат капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, бала-бакча иштей баштаган. Учурда бала-бакчада 220 бала тарбияланып, 28 тарбиячы эмгектенет.
Андан соң, графикке ылайык, вице-премьер-министр Жети-Өгүз районундагы Жалпы дарыгерлер медициналык борборуна барып, төрөт, дарылоочу жана жандандыруу бөлүмүнө жана поликлиникага барды.
Борбордун жамааты менен жолугушууда Дамира Ниязалиева белгилегендей, учурда Өкмөт тарабынан медициналык жана педагогикалык ЖОЖдорду аяктаган студенттер 2 жылдык мөөнөткө аймактарга жана алыскы айылдарга жөнөтүлүүсү тууралуу маселе чечилүүдө.
“Бул маселе оңдуу чечилген учурда биз жаш адистерди аймактарга тартуу көйгөйүн чече алабыз. Мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жаш адистер үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүсү тийиш. Кеп бүтүрүүчүлөр муктаж болгон турак-жай, жер тилкесин берүү тууралуу жүрүүдө», — деп белгиледи вице-премьер-министр.
Жолугушуунун жүрүшүндө Борбордун медициналык кызматкерлери вице-премьер-министрден учурда борбордун жетекчилик милдетин аткарып жаткан Чолпон Ибраимованы директорлукка дайындоо маселесин тездетүүнү өтүнүштү, ал мындан бир жарым жыл мурда тийиштүү кызматты ээлөө үчүн атайы сынактан өткөн.
Андан соң вице-премьер-министр аталган райондогу Оргочор айылдык Мамбет Тынаев атындагы орто мектептин окуу жана компьютердик класстары, ашканасы менен танышып чыкты.
Белгилей кетчү нерсе, аталган мектепте “Кыргыз Республикасындагы мектеп тамактануу программасын жакшыртуу” БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосунда 1-4 класстардын окуучулары ысык тамактанууга ээ болгон.
Мектеп директору Байкашкаева Айжан билдиргендей, долбоор алкагында мектеп муздаткыч жабдуусу жана ашкана инвентары менен жабдылган.
Мындан тышкары, мектеп директорунун айтымында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары окуу мекемесине чарба жүргүзүү үчүн 5га жер бөлүп берген. Учурда мектепке тийиштүү жерде картөшкө жана эспарцет айдалат.
Андан соң вице-премьер-министр Оргочор айылындагы “Балалык» ресурстук борборунун иши менен таанышты. Ресурстук борборго учурда 5-7 жаштагы 56 бала барат.
Борборду кыдырып чыккан соң, вице-премьер-министр мектепке чейинки тарбиянын жана борбор кызматкерлери аткарып жаткан иштин маанилүүлүгүн белгиледи.
“Учурда республикада балдар бакчасынын жетишпестиги маселеси курч турат, ошондуктан көптөгөн балдар мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүгү болбой жатат. Өкмөт жаңы бала-бакчаларды куруу боюнча ишти улантат жана мурда менчиктештирилген мектепке чейинки мекемелерди сот аркылуу болсо да артка кайтарууга бардык күчүн жумшайт», — деп белгиледи Дамира Ниязалиева.
“Кадам сайын мектепке чейинки билим алган балдардын санын жогорулатуу зарыл, анткени, балдар – биздин келечегибиз. Биз балдардын жеке өнүгүүсү жана билим алуусу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө колдон келген аракетти кылуубуз керек», - деп жыйынтыктады вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү