29

Январь

2015

Дамира Ниязалиева Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапары алкагында бир катар социалдык обьектилерди кыдырып чыкты

Бүгүн, 29-январда, вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын иши менен таанышып чыкты. Башкармалык кызматкерлери вице-премьер-министрге убактылуу ишсиз калган жарандарды эмгекке орноштуруу, эмгек рыногунда талап кылынган адистиктерге кайрадан окутуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Тактап айтканда, башкармалык тараптан үзгүлтүксүз түрдө эмгек жарманкелери өткөрүлүп, окуган жарандар үчүн ширетүүчү аппараттар жана чач-тарачтык жабдуулар алынып берилген. Башкармалыкты кыдырып чыгуудан соң, Дамира Ниязалиева “Маалыматтык эмгек рыногу” долбоорун киргизүү боюнча ишти тездетүүнү тапшырды, мында иш издеген ар-бир адам Интернет аркылуу облус боюнча бош орундардын тизими менен таанышууга мүмкүндүк алат. “Биз такай түрдө жаштар арасында эмгекке багыт берүү боюнча курстарды, семинарларды өткөрүүбүз зарыл, жогорку класстын окуучулары учурда кайсы адистиктер талап кылынып жаткандыгы тууралуу маалымдар болуусу тийиш. Буга катар орто кесиптик-техникалык билим берүүнү өнүктүрүү пландаштырылууда, анткени кесиптик лицейлер жана техникумдар даярдап чыгарып жаткан адистер учурда абдан талап кылынууда», — деп белгиледи Дамира Ниязалиева. Андан соң вице-премьер-министр Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына барды, ал анда жарандардын дарылануу жана аялдардын төрөтүн кабыл алуу шарттары менен жакындан таанышты. Дамира Ниязалиева жаш энелер менен жолугушуп, алардын дары-дармек жана гигиеналык каражаттар менен камсыздалуусу тууралуу аңгемелешти. Андан соң ал Каракол шаарындагы №14-мектеп алдында ачылган зомбулуктан жабыр тарткан балдардын «Өрнөк» реабилитациялык борборуна барды. Белгилесек, акыркы мезгилдерде аталган борбордо балдар психологдорунун көмөгү астында 9 бала реабилитацияланган. Андан соң, Д.Ниязалиева Каракол шаардык мэриясына аталган мекеменин иштешине колдон келген көмөк көрсөтүлүүсүн жана балдар психологу жана психотерапевттерине кошумча штаттык бирдиктерди ачуу тапшырмасын берди. “Жакын арада жалпы республика боюнча бул сыяктуу 40 борборду ачуу пландаштырылууда, мында балдарга бардык тийиштүү көмөк көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү биринчи кезекте балдарга көңүл бурат, биз балдарга карата зомбулук көрсөтүү фактысына, анын ичинде сексуалдык мүнөздөгү зомбулукка жол бербөөбүз керек», - деди вице-премьер-министр Д.Ниязалиева.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү