20

Сентябрь

2018

Данияр Арпачиев Каракол шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйруктун негизинде «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри Арпачиев Данияр Карагулович, берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү