22
Июнь
2017
Дастан Догоев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду. Ага ылайык Догоев Дастан Давлетович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү