14
Октябрь
2020
Дастан Дюшекеев Премьер-министрдин маалымат катчысы болуп дайындалды
Дюшекеев Дастан Станбекович Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин маалымат катчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров кол койду.
Мындай чечим кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынды.