15
Сентябрь
Вице-премьер-министр Э. Сариева башында турган өкмөттүк делегация БУУ өнүктүрүү жаатындагы глобалдык күн тартиби Пост-2015 боюнча жыйынга катышууда
Бүгүн, 15-сентябрда, Женевадагы БУУ үйүндө (Швейцардык Конфедерация) “2015-жылдан кийинки мезгилде Өнүктүрүүнүн күн тартиби боюнча (Пост-2015) аймактык деңгээлдеги мониторингдөө жана жоопкерчилик» темасындагы Аймактык министрлик консультациялык кеңешме өз ишин баштады.
Кыргыз Республикасын форумда вице-премьер-министри Эльвира Сариева көрсөтүүдө.
Белгилесек, 2000-жылдын сентябрь айында Миң жылдыктын саммитинде мамлекет башчылары бир катар максаттарга жетишүү боюнча аракет жумшоо чечимин кабыл алышкан. Анын катарына чектен ашкан жакырчылыкты жоюу, жалпы башталгыч билим менен камсыздоо, гендердик теңчиликти колдоого алуу жана аялдардын укук жана мүмкүндүктөрүн кеңейтүү, балдар өлүмүн кыскартуу, энени коргоону күчөтүү, ВИЧ/СПИД жана кургак учукка каршы күрөшүү, экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу жана өнүктүрүү максатында глобалдык шериктештикти түзүү кирет. Учурда 2015-жылдан кийинки мезгилге карата БУУ глобалдык күн тартибин макулдашуу процесси жүрүүдө.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү