13
Март
2015
Абдырахман Маматалиев жетекчилик кылган делегация Ашхабаддагы Кыргыз-түркмөн өкмөт аралык комиссиясынын биринчи жыйынына катышуу үчүн учуп кетти
Бүгүн, 13-мартта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев жетекчилик кылган делегация Түркмөнстан Республикасына (Ашхабад) Кыргыз-түркмөн өкмөт аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу комиссиясынын биринчи жыйынына катышуу үчүн учуп кетти.
Белгилесек, 14-мартта Ашхабад шаарында Кыргыз-түркмөн өкмөт аралык комиссиясынын биринчи жыйыны өтөт.
Күн тартибинде отун-энергетикалык комплекси, саламаттык сактоо, билим берүү жана илим, социалдык өнүктүрүү жана миграция, айыл чарба, транспорт, маданият, маалымат, туризм жана кинематография жаатындагы кызматташуу маселелери каралат. Ошондой эле Кыргыз-түркмөн өкмөт аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу комиссиясынын экинчи жыйынын өткөрүү күнү талкууланат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү