10

Октябрь

2014

Мамлекеттик Топтолмо Пенсиялык Фондунун каражаты реалдуу сектордо “ортомчуларсыз” иш алып баруусу кажет

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев экономиканы каржылоо боюнча кеңешме алкагында Социалдык фондго жана Финансылык рынокту көзөмөлдөө кызматына Мамлекеттик Топтолмо Пенсиялык Фондунун каражатын корпоративдүү камсыздалган облигацияларга инвестициялоо мүмкүндүгү боюнча саясатты жана нормативдик актыларды иштеп чыгуу тапшырмасын берди. 2014-жылдын жайында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мамлекеттик Топтолмо Пенсиялык Фондунун 20% чейинки каражатын ишканалардын облигациясына инвестициялоо үчүн пайдаланууга алгач ирет уруксаат берген. Мамлекеттик Топтолмо Пенсиялык Фондунда топтолгон 5,7 млрд сомдун 1 млрд ашуун сому банктардын ортомчулугусуз реалдуу секторго багытталышы мүмкүн. Натыйжада, атамекендик ишканалар Мамлекеттик Топтолмо Пенсиялык Фондунун узак мөөнөттү жана салыштырмалуу арзан каражатына жеткиликтүүлүккө ээ болушат.

«Пенсиялык каражаттар – биз тобокелдикке салууга укугубуз жок эсептелген каражат болуп саналат. Мен күмөн жараткан жана алсыз компанияларга пенсиялык ресурстарды тартууга мүмкүндүк бербеген ойлонулган чараларды жана аракеттерди иштеп чыгууну өтүнөм» — деп билдирди Премьер-министр.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү