10
Февраль
2015
Вице-премьер-министр Валерий Диль: “Бишкек - «Манас» эл аралык аэропорту автожолун реконструкциялоо долбоорунун планы март айынын соңуна дейре жыйынтыкталышы керек”
Бүгүн, 10-февралда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Бишкек - «Манас» эл аралык аэропорту автожолун реконструкциялоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.
Учурда транспорт жана коммуникация министри Калыбек Султанов башында турган делегация Кытай Элдик Республикасында иштиктүү сапар менен жүрөт, анда бир катар маселелер , анын ичинде “Бишкек - «Манас» эл аралык аэропорту автожолун реконструкциялоо долбоорун каржылоо маселеси талкууланат. Транспорт министрлигинин кызматкерлеринин айтымында, реконструкциялоо долбоорун ишке ашырууга 75 млн долларга жакын каражат талап кылынат.
“Бишкек - «Манас» эл аралык аэропорту автожолун реконструкциялоо долбоорунун планы март айынын соңуна дейре жыйынтыкталышы керек”, — деп белгиледи вице-премьер-министр.
Кеңешме жыйынтыгында вице-премьер-министр Валерий Диль Транспорт жана коммуникация министрлигине кыска мөөнөттө реконструкциялоо долбоорун ишке ашырууну баштоонун уюштуруу маселелерин чечүүнү тапшырды. Ал эми Экономика жана Финансы министрлигине Кыргыз-Кытай инвестициялык фондун уюштуруу маселесин тездетүү тапшырылды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү