11
Январь
2012
Бүгүн, 11-январда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлнара Асымбекова Ош областына иш сапары менен жөнөп кетти.
Иш сапардын алкагында вице-премьер-министр Ош областынын бир катар медициналык мекемелерин кыдырып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышып, актуалдуу маселелерин талкууламакчы.
Г.Асымбекованы “Ар-Намыс” депутаттык фракциясынын чакыруусу менен Словакиядан келген дарыгерлер коштоп жүрүшөт. Словакиялык адистер бир нече күн ичинде АИВ/ИЖОСтон (ВИЧ-СПИД) жабыр тарткан балдарды медициналык кароодон өткөрүшмөкчү.
Аталган дарыгерлер тобу АИВ/ИЖОСту (ВИЧ-СПИД) дарылай турган медициналык дары-дармектерди муктаж болгон балдардын үй-бүлөлөрүнө акысыз беришмекчи.