02
Октябрь
Антимонополдук жөнгө салуу мамагенттигинин директору байланышта
Бейшембиде, 2-октябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополдук жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Болсунбек Казаков “Министр байланышта” акциясына катышат.
Болсунбек Казаков саат 9.00 Биринчи радионун түз обосуна чыгып, радиоугуучуардын суроолоруна жооп берет.
Саат 11.00 «Кабар» маалымат агенттигинде ЖМК өкүлдөрү үчүн басма сөз жыйыны өтөт.
Саат 13.00 мамагенттик директору Болсунбек Казаков “Вечерний Бишкек” гезитине көмүр рыногундагы абал тууралуу интервью берет.
Саат 15.00 Болсунбек Казаков «Tazabek.kg» маалымат агенттигинде онлайн-жыйынга катышат.
Саат 17.00 жарандык сектор өкүлдөрүнүн катышуусунда “ Тейлөө көрсөтүү жана товарларды сатууда керектөөчүлөр укугун коргоо” темасындагы тегерек стөл өтөт.
Ошондой эле бул күнү агенттик жетекчисинин орун басарынын аймактарга чыгуусу пландаштырылган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү