17
Ноябрь
КР Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча маминспекция директору Таалайбек Нурбашев «Министр байланышта» акциясына катышат
Бүгүн, 17-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция директору Таалайбек Нурбашев «Министр байланышта» акциясына катышат.
Эртең менен саат 9.00 Таалайбек Нурбашев «Биринчи радионун» түз обосунда радиоугармандардын суроолоруна жооп берет.
Саат 11.00 Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция директорунун курулуш компанияларынын кызматкерлери жана башкармалык начальниктери менен көчмө жолугушуусу өтөт.
Андан соң саат 14.30 «АКИpress» маалымат агенттигинде мамлекеттик инспекиянын жетекчилеринин катышуусунда ЖМК өкүлдөрү үчүн басма сөз жыйыны өтөт.
Ошол эле күнү саат 16.00 Т.Нурбашевдин академик У.А. Асаналиев атындагы Тоо иштери жана тоо технологиялары институтунун студенттери менен жолугушуусу өтүп, ал “КР тоо-геологиялык тармагы жана аларды пайдалануу эрежелери” темасындагы дарсты сунуштайт.
Ошондой эле саат 17.20 жарандык коомчулук жана ишкерлердин катышуусундагы “Энерготутумдун техникалык абалы”, “Эмгек келишими жөнүндө эскертме” жана “Сандан сапатка өтүү” темасындагы тегерек стөл өткөрүлөт.
Саат 19.00 Таалайбек Нурбашев «Азаттык» радиосуна, «АКИpress» маалымат агенттигине жана «Кыргыз-Туусу» гезитине интервью берет, андан соң ал “ЭлТР” кечки берүүсүндө мамлекеттик инспекциянын учурдагы иштери тууралуу маалымат берет.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү