16

Октябрь

2014

КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамагенттигинин директору “Министр байланышта” акциясына катышат

Бейшембиде, 16-октябрда, КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында “Министр байланышта” акциясына катышат.

Саат 9.00дө “Биринчи радионун” түз обосунда Турдубек Мамбетов радиоугуучулардын суроолоруна жооп берет.

Саат 11.00дө «Кабар» маалымат агенттигинде КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамагенттигинин жетекчилигинин катышуусунда басма сөз жыйыны өтөт.

Саат 16.00 КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамагенттигинин директору Турдубек Мамбетов «Tazabek.kg» маалымат агенттигинде онлайн-басма сөз жыйынына катышат.

Ошондой эле аталган акция алкагында 21-октябрда Турдубек Мамбетов «Замана» студиясынын таңкы программасында көрүүчүлөр менен түз байланышка чыгат.

КР Өкмөтү жарандык коом жана ЖМК мүчөлөрүн “Министр байланышта” акциясына активдүү катышууга чакырат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү