13

Ноябрь

2014

КР Өкмөтүнө караштуу Дене-тарбия жана спорт мамагенттигинин директору Кадырбек Эргешов байланышта

Эртең, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов “Министр байланышта” акциясына катышат.

Эртең менен саат 08.00дө Кадырбек Эргешов КТРК «Замана» программасына жана «Биринчи радионун» түз обосуна катышып, анда угармандардын суроолоруна жооп берет.

Андан соң саат 11.30да Ш.Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв окуу-жайынын бассейнинин ачуу салтанаты Кадырбек Эргешовдун, Республикадык олимпиадалык резервдеги спорттун суу түрү боюнча балдар жана өспүрүмдөр мектебинин директору Ильвира Жогинанын жана КР Сууда сүзүү федерциясынын президенти Улан Акматбаевдин катышуусунда өтөт.

Обьективдүү себептерге байланыштуу аталган ведомствонун акцияга катышуусу 14-ноябрга дейре уланат. “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигинде Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттик жетекчилигинин катышуусунда мамлекеттик орган кызматкерлеринин спартакиадасынын жыйынтыгы тууралуу басма сөз жыйыны жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өтөт.

 КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү