10

Ноябрь

2014

КР Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиев байланышта

Шейшембиде, 11-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиев “Министр байланышта» акциясына катышат.

Саат 09.00дө Дүйшөнбек Зилалиев «Биринчи радионун» түз обосуна катышып, радио угармандардын суроолоруна жооп берет.

Саат 11.00 «Кабар» маалымат агенттигинде ЖМК өкүлдөрү үчүн маалымат жыйыны өтөт, ал эми саат 12.00 Дүйшөнбек Зилалиев «Азаттык» радиосуна “Жерүй” кенине карата сынак” темасынын тегерегинде жана «Кыргыз Туусу» гезитине “Тоо-кен тармагынын инвестициялык жагымдуулугу” темасында интервью берет.

Аталган акция алкагында саат 13.00 «Вечерний Бишкек» басма сөз үйүндө “Жерүй. Реалдуу мүмкүндүктөр жана тобокелдиктер” темасы боюнча тегерек стөл өтөт. Саат 15.00 «Тазабек» маалымат агенттигинде Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттик директорунун катышуусунда онлайн-басма сөз жыйыны өтөт.

Андан соң Дүйшөнбек Зилалиев саат 21.25 «ЭлТР» телеканалынын түз обосунда “Кендердеги чыр-чатакты чечүү багытындагы көрүлүп жаткан чаралар” темасында ой бөлүшмөкчү.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү