04

Ноябрь

2014

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору «Министр байланышта» акциясына катышат

Шейшемби күнү, 4-ноябрда, “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Чыңгыз Бекташов «Министр байланышта» акциясына катышат.

Саат 11.00 Чыңгыз Бекташов «Биринчи радионун» түз обосуна чыгып, радиоугармандардын суроолоруна жооп берет.

Ведомствонун басма сөз кызматы маалымдагандай, «Министр байланышта» акциясын натыйжалуу өткөрүү максатында калкка жеткиликтүүлүктү жана өз-ара түшүнүшүүнү камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги социалдык тармактар жана расмий сайт жана башка интернет ресурстар аркылуу ведомствонун ишмердүүлүгүнө тийиштүү суроолорду чогултуу боюнча кампанияны ишке киргизген.

Ошондой эле аталган акция алкагында Мамагенттик жетекчиси ЭлТР телеканалындагы “Күн маек” программасына катышат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү