04
Декабрь
КР Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунун директору Талант Султанов «Министр байланышта» акциясына катышат
Бүгүн, 4-декабрда, Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунун директору Талант Султанов “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында өткөрүлүп жаткан «Министр байланышта» акциясына катышат.
Эртең менен Талант Султанов “Биринчи радионун» түз обосунда чыгып, радиоугармандардын суроолоруна жооп берди.
Саат 11.00 «Кабар» Кыргыз улуттук маалымат агенттигинде басма сөз жыйыны өтүп, анда Талант Султанов 2014-жыл үчүн институттун иш жыйынтыгы тууралуу маалымат берет.
Андан соң Талант Султанов «Слово Кыргызстана», «Кыргыз Туусу» гезиттерине, ошондой эле “Tazabek», «K-News» жана «Азаттык» радиосуна жана телеканалдарга интервью берет. Анда аталган институттун үстүбүздөгү жылдын 11 айы үчүн ишмердүүлүк жыйынтыгы тууралуу сөз жүрмөкчү.
Ушул эле күнү саат 18.30-19.30га дейре Талант Султанов «Азаттык» радиосунун обосунан чыгып сүйлөйт.
Мындан тышкары, акция алкагында, 5-декабрда саат 21.30да институттун директору Талант Султанов вНТС каналындагы «Tag of war» берүүсүнө катышат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү