09

Март

2020

Тартип сактоо жана дарыгерлердин сунуштарын эске алуу ар кандай вирустардын, анын ичинде коронавирустун жайылышын алдын алууну шарттайт

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына келүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйыны болду.

9-мартка карата республикада эпидемиологиялык кырдаал туруктуу,коронавирустун чыккан учуру катталган жок. 

Дүйнөдөгү жагдайды эске алуу менен,медицина кызматкерлери, эпидемиологдор, санитардык дарыгерлер, тез жардам жанабашка ыкчам кызматтардын кызматкерлери күнү-түнү нөөмөт менен иштөөсүн улантыпжатат. 

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү учурда Иранда турган кыргызстандык жүк ташуучуларга байланыштуу жагдай көзөмөлдө экенин айтты. Министрлик бул маселе чечүү үчүн өнөктөштөр менен байланышууда. 

Diamond Princess саякат кемесинде болгон Кыргыз Республикасынын жараны9-мартта Бишкекке келди. Ал карантинге изоляцияга жаткырылды. Анын ден соолугу канааттандырарлык, коронавирустун бар же жогун аныктоо үчүн анализ алынды. Бул кыргызстандыктын колунда Япониядагы бейтапканадан берилген ден соолугу жакшы экенин күбөлөндүргөн сертификаты да бар. 

Жыйында соода, бизнес борборлордун, супермаркеттердин жана оюн-зоок жайларына келгендердин денсоолугун сактоо үчүн санитайзерлерди, аба тазалоочу жабдууларды орнотуу жанакелгендерди жетиштүү деңгээлде дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоосунушу берилгени айтылды. Бишкек жана Ош шаардык мэриясы бул маселени көзөмөлгөалды.  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана райондук администрацияларга жергиликтүү деңгээлдеги бардык соода түйүндөрүн (рынокторду) туруктуу түрдө дезинфекциялоону уюштуруу жана жүргүзүү тапшырылды.

Билим берүү жана илим министрлигинесасык тумоону, анын ичинде коронавирустун алдын алуу, өздүк гигиена эрежелерижөнүндө билим берүү мекемелеринде маалыматтык-түшүндүрүү иштерин улантуутапшырмасы берилди.

Жыйындын катышуучулары белгилешкендей,коронавирус чыккан дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жарандардын тартипти, медицина кызматкерлеринин нускамаларын сактоосу ар түрдүү вирустардын, анын ичиндекоронавирустун жайылышынын алдын алат. Бул колду жуу, тамакты чайкоо, жылуусууну жетиштүү көлөмдө ичүү, адамдар көп жыйналган жерлерге барбоо сыяктууөздүк гигиена эрежелерин сактоо болуп саналат.

Республикалык штаб дагы бир жолу көпадамдар чогулган кандайдыр бир иш-чараларды өткөрбөй туруу тажрыйбасын дүйнөдөгү көп өлкөлөр колдонуп жатканын, ал тургай айрым мамлекеттер мыйзамменен чектөө киргизгенин эскертүү менен, топтолгон эл катышкан иш-чараларды жакынкы арада өткөрбөй турууну катуу эскертет.