03
Февраль
2012
Мындай чечим КР вице-премьер-министри Гульнара Асымбекованын Ч.Базарбаев атындагы Коомдук фонддун жетекчиси Иса Токоев жана Эл артистинин жубайы Надежда Базарбаева менен болгон жолугушуу учурунда кабыл алынды.
2012-жылдын 27-февралында Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин атын түбөлүккө калтыруу максатында телемарафон өткөрүү пландаштырылып жатат. Бул марафондон чогулган каражатка Ч.Базарбаевге арналган иш-чаралар өткөрүлөт (китеп басып чыгаруу, Ч.Базарбаевдин айкелин орнотуу ж.б.).
КР Маданият жана туризм министирлигине КР Коомдук телерадиоберүү корпорациясы, “ЭлТР Коомдук телекөрсөтүүсү”, “Кыргыз Туусу”, “Слово Кыргызстана” басма үйлөрү, “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезити жана Чолпонбек Базарбаев атындагы Коомдук фонду менен биргеликте жогорудагы белгиленген иш-чаралардын Планынын долбоорун киргизүүсү тапшырылды.
Ч.Базарбаев атындагы Коомдук фонд Кыргызстандагы балет искусствосун өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программаны иштеп чыгууга өзүнүн сунуштарын киргизмекчи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү